МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА БАЛДАРДЫ ЖАНА ЖАШТАРДЫ КЛИМАТТЫК КҮН ТАРТИБИНЕ ТАРТУУНУН МААНИЛҮҮЛҮГҮН БЕЛГИЛЕДИ

9-ноябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ташкент шаарында өтүп жаткан “Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү – балдар жана жаштар иш-аракетте” аттуу эл аралык форумда сөз сүйлөдү. Догдуркүл Кендирбаева “Туруктуу өнүгүү маданиятын жайылтуу жана балдарды жана жаштарды климаттык күн тартибине тартуу боюнча аймактык стратегия – бул өтө зарыл жана өз убагындагы демилге” деп баса белгиледи. Билим берүү жана илим министри […]