РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАГА 325 ОКУУЧУ КАТЫШУУДА

Бүгүн, 22-мартта мектеп окуучуларынын олимпиадасынын IV этабы (республикалык) башталды. Олимпиаданын ачылыш аземи Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде болуп, ага билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева катышты. Министрдин орун басары республикадан мыкты деп тандалган окуучуларды олимпиаданын башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. “Силер буга чейинки бардык этаптарды ийгиликтүү өтүп, мыктынын мыктысы болуп тандалып келдиңер. Келечекте өлкөнүн желегин бийик көтөргөн мыкты инсандар […]