Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында 2022-2023-окуу жылынын башталышы жөнүндө” буйругуна ылайык, бардык мектептерде окуу жылы 1-сентябрда башталат. Мектептерде биринчи сабак “Кыргыз жараны – жарандардын биримдигинин негизи” темасына арналышы керек. Окутуу Кыргыз жаранынын жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү концепциясынын принциптерин камтыйт. Окуу жуманын башында жана аягында, ошондой эле салтанаттуу, тарбиялык жана конкурстук иш-чараларды уюштурууда мамлекеттик гимнди аткаруу […]