2021-жылдын 30-сентябрында жана 1-октябрында Бишкек шаарында «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынактарынын республикалык этабы өткөрүлөт.

Сынактын максаты:
– мугалимдик жана тарбиячылык кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу;
– мектепке чейинки жана мектептик билим берүү уюмдарынын таланттуу педагогдорун айкындоо, колдоо жана кубаттоо;
– кесиптик баарлашуу чөйрөсүн кеңейтүү;
– мыкты мугалимдердин жана тарбиячылардын алдыңкы педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу ж.б.
Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 2021-жылдын 5-октябрында “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда өтөт.