Кыргызстан жана Казакстан онлайн окутуу боюнча бирдиктүү порталды түзүүнү пландоодо

2021-жылдын 27-28-сентябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн Интернетти башкаруу боюнча Борбор Азиялык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров менен Казакстан Республикасынын санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмикалык өнөр жай министри Багдат Мусиндин жолугушуусу болуп өттү. Тараптар пандемия маалында онлайн форматында окутуу процессин уюштуруу, эки өлкөнүн билим берүү мекемелерин дистанттык окутууга өткөрүү тажрыйбасын бөлүшүштү жана абитуриенттерди кабыл […]

Эртең «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынактарынын республикалык этабы башталат

2021-жылдын 30-сентябрында жана 1-октябрында Бишкек шаарында «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынактарынын республикалык этабы өткөрүлөт. Сынактын максаты: – мугалимдик жана тарбиячылык кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу; – мектепке чейинки жана мектептик билим берүү уюмдарынын таланттуу педагогдорун айкындоо, колдоо жана кубаттоо; – кесиптик баарлашуу чөйрөсүн кеңейтүү; – мыкты мугалимдердин жана тарбиячылардын алдыңкы педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу ж.б. Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 2021-жылдын […]